
Эркетай ээлеген кызым Кулпурган эрмегим кызым Жаркылдап жылмайып күлсө Эзилем периштем кызым Hyp жанган жанарыңдан Жыгылба кадамыңдан Суранам жаратканымдан Берсекен деймин багыңдан Кайырма: Кызым атакендин көңүлү сенсиң Кызым апакендин жүрөгү сенсиң Кызым бир өзүңө дайым аруу тилегим Кызым ата энең сенин тирегин Бейиш жыт тартуулап келдиң Тойбоймун жытыңа сенин Үйүбүз күлкүгө толуп Сен менен бакытты сездим Гүл чыксын кадамыңа Ыраазы бол тагдырыңа Жүрө бер берекем кызым Бөлөнүп таңдын нуруна

Роза Шакирова