
Аксаткындын селкинчек, Андай теппей мындай теп. Бурулчанын селкинчек, Бурбай теппей мындай теп. Ойноп,ойноп алгыла, Ойрон калаар бул дүйнө. Күлүп,күлүп алгыла, Күмүрөң калаар бул дүйнө. Кайырма: Жашыл жоолук дүрдөй жан, Жаңы ачылган гүлдөй жан. Кызыл жоолук дүрдөй жан, Кыз-келиндер гүлдөй жан. Бурулчанын селкинчек, Бурбай тепчи келинчек. Сүйүмкандын селкинчек, Сүйлөп тепчи келинчек. Биз болбосок өмүрдө, Кызыгы жок кыздар ай. Тамылжыган жүзүңдүн, Кызылы жок кыздар ай. Кайырма: Аксаткындын селкинчек, Андай теппей мындай теп. Бурулчанын селкинчек, Бурбай теппей мындай теп. Селкилердин колунан Секин кармап алабыз, Түн уйкудан ойготуп Сарсанаага салабыз Кайырма:

Роза Шакирова