
Көз артат көптөр жериме, Көз мончок тагып койсомбу? Көркөмүң дагы арттырып, Көпөлөк болуп консомбу? Сук артат көптөр жериме, Айланып сууну чачсамбы? Ансайын көркүң арттырып, Ак марал болуп барсамбы? Кайырма: Сактасын суук көздөрдөн, Садагам Оштой жеримден. Сулайман пирим колдосун, Жоо жүрөк, баатыр элимди. Колумдан келсе туулган жер, Көз тумар болуп тагылсам. Уулуңду кимдер талашмак, От жалын болуп жагылсам. Кайырма:

Мирбек Атабеков