
Кубанычтар дайра болуп агылып, Келин келет ак шөкүлө жамынып. Куттукташып жубайлардын үлпөтүн, Той башталды алакандар чабылып. Кайырма: Бийлейли, бийлейли, жаш селки, турба! Бийлейли, бийлейли, кошто жигит ырда. Бактылуу болгула, ишке ашып оюңар, Кут болсун, кут болсун үйлөнүү тоюңар. Ак тилектер ак ниеттен айтылып, Апалардын чачыласы чачылып. Кана эмес ак-жол тилеп эки жашка, Каалайлы, узун өмүр, чексиз бакыт. Жоодураган көздөр көзгө куралып, Жашагыла жазгы гүлдөй буралып. Абийирдүү, арнамыстуу болсун деп, Ата-энелер бата берет кубанып. Кайырма:

Роза Шакирова