
Сагынычым үйүлүп тоодой болду, Куштар гана табышат оңой жолду. Өзгө жерден думугуп, жаным буулугуп, Узаттым досума мен көп ойлорду. Кайырма: Ар-намыска күйүш үчүн, Ата Журттай тирек керек. Ала-Тоону сүйүш үчүн, Ала-Тоодой жүрөк керек. Сагынычым — канатым учарыма, Сабалайын, тууган жер, кучагыңа. Эңсеп келем үйүмдү, назик гулумдү. Келип, ак боорума бек кысарыма.

Актан Исабаев