
Сүйүүнүн мүнөттөрү шарпылдаган, Жүрөктүн тынчын алып, жүрөк сызган. Жаш туруп махабаттан жабыркагам, Жазыксыз көздөрүмдөн жашым кулай. Кайырма: Бирок сен ойлобойсуң, Бирок сен эстебейсиң. Таптакыр көргүң келбейт, Көңүлгө эч илбейсиң. Балким сен ойлонорсуң, Ардагым мени эстеп, А балким көргүң келер, Ардагым эрте-кеч деп. Жолугуп биз экөөбүз айлуу түндө, Сүйүүнүн балын татып түбөлүккө. Кыналып султан бойлор сууну бойлоп, Суйкайып кол кармашып жүрсөкчү, ий. Балким сен ойлонорсуң, Ардагым мени эстеп, А балким көргүң келер, Ардагым эрте-кеч деп. Бирок сен ойлобойсуң, Бирок сен эстебейсиң. Таптакыр көргүң келбейт, Көңүлгө эч илбейсиң.

Роза Шакирова