
Көңүлгө да көңүл тушалып, Көрүшпөс болуп узадык. Коодондо калды, а бирок ай, Көксөткөн санаа, кусалык. Байыр алып, жашап башкага , Баш ийип басып наздана . Бактылуу кылып башканы сен, Бактылуу болдуң аз гана. Сагынчым , кантип сезбейсиң, Сезесиң, сен да эстейсиң. Томогоңду үзүп бир ирет, Анда неге келип кетпейсиң? Агарып таңдын атканы, Кызарып күндүн батканы. Кызыксыз мага өмүрдүн, Өзүңсүз өтүп жатканы.

Алмаз Шаадаев