
Асманды тиреп, булутту жиреп, Ак –мөңгү баскан Ала –Тоом тирек. Сууларың тунук, суусасаң суунун, Алыскан кеткен атагың улук. Кайырма: Кыргызстан, Кыргызстан, Чаңкасам ичем, бал кымызыңдан. Чертилсе комуз керемет добуш, Чер жазып угам, буулата конуш. Чырагың жанып жылдызың жанат, Чыңгыздай уулуң чыныгы талант. Келечек жолун арыштап кенен, Кылымга изиң кыргызым сала. Кайырма: Менин мекеним сен кыргызстан!

Кеңеш тобу