
Элестеп көз алдыма, Балалык өткөн күнүм. Ак чөлмөк ойноп тойбой, Өткөргөн айлуу түнүм. 2 жолу Кайрылгыс бакыт экен, Жыргалы жаштыгымдым. Сагынтып жүрөк толгойт, Ырнагы шаттыгымдын. Алыстап бараткансыйт, Айрылып жаштыгымдан. Бактылуу күнгө толгон, Табылгыс байлыгымдан. 2 жолу Шаштырбай коё турчу, Алыстап менден качпай. Калтырып ара жолдо, Айрыба жаштыгымдан. Элестеп көз алдыма, Балалык өткөн күнүм. Ак чөлмөк ойноп тойбой, Өткөргөн айлуу түнүм. 2 жолу Кайрылгыс бакыт экен, Жыргалы жаштыгымдым. Сагынтып жүрөк толгойт, Ыргагы шаттыгымдын. Сагынтып жүрөк толгойт, Ырдагы шаттыгымдын.

Роза Шакирова